Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Шайлоо-2021: бир мандаттуу округдан талапкер болом дегендер 90дон ашты


БШКнын имараты
БШКнын имараты

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 5-октябрга карата 92 адам болду. Жаңы арыз бергендердин бардыгы өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы маалыматка ылайык, 4-октябрда мурдагы ички иштер министри, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы төрагасы Мелис Турганбаев бир мандаттуу №28 Октябрь округунан (Бишкек шаары), Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Дастан Жумабеков №20 Манас округунан (Талас), мурдагы маданият министри, журналист Нурлан Шакиев №17 Аксы округунан (Жалал-Абад), ЖК депутаты Искендер Матраимов №9 Кара-Суу округунан (Ош) жана башкалар талапкер болуу үчүн арыз тапшырышты.

Боршайком эскерткендей, шайлоого бир мандаттуу округдан катыша тургандар арызын 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтерин 18-октябрга чейин тапшыруусу керек. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат. Азырынча арыз тапшыргандардын ичинен БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев гана талапкер катары расмий катталды.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG