Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

COVID-19: Эки бейтап каза болуп, 69 учур жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 5-октябрда коронавирустан эки бейтап каза болду. Алар вируска каршы вакцина албаганы маалыматта белгиленген.

Ал эми 69 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Көбү Бишкек шаарында. Нарын, Баткен, Ош облустарында жана Ош шаарында жаңы учур катталган эмес.

  • Бишкек - 32
  • Чүй облусу – 21
  • Талас облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 9
  • Жалал-Абад облусу – 6

Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 178 852 адамга жетти. Бул аралыкта 173 622 адам сакайды. Пандемия башталгандан бери жалпы 2610 адам каза болду. Бир күндө 84 адам сакайып чыкты.

Бүгүнкү күнү 451 адам ооруканада, 684 бейтап үйүндө дарыланып жатат.


Кыргызстанда 1 млн. 476 миң 621 киши коронавируска каршы эмделди. Алардын 840 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алган. Өткөн бир суткада 9300дөй киши эмделди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Абдыкадыр Бейшеналиев 4-октябрда "Биринчи радиого" берген маегинде соңку күндөрү вакцина алган жарандардын саны азайып жатканын белгилеген. Министр учурда Кыргызстанда коронавирустун "дельта" штаммы көп катталып жатканын, башкалардан агрессивдүү делген нигериялык мутацияланган формасы катталышы мүмкүн экенин айткан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилегендей, вакцинаны кош бойлуу, бала эмизген келиндерден сырткары 18 жаштан жогорку бардык жарандар алса болот. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG