Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Өзбекстанда радикал топторго көзөмөл күчөтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда сентябрь айында укук коргоо органдары радикал диний топторго каршы күрөштү күчөтүп, рейд өткөрүштү.

“Озодлик” радиосу булактарына таянып, мындай чаралар Ооганстанда талибдер бийликке келгенден кийинки учурга туш келгенин кабарлады.

“Көптөн бери эле ар түрдүү радикалдуу топтор жанданганы тууралуу билдирүүлөр түшө баштаган. Өзүңөр билесиңер, алар дайыма эле байкоо алдында. Бирок “Коопсуз зона” операциясы башталгандан кийин рейд жүрүп, айрым кишилер кармалды. Алардын көбү мурда түрмөдө отуруп чыккандардын тизмесине киргизилди. Издөөдө жүргөндөр да бар...”, - деди милициядагы булак.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги акыркы айда рейддердин алкагында 200 киши кармалганын кабарлады. Алардын көпчүлүгү “Хизб ут-Тахрир” уюмуна тиешеси бар деп шек саналгандар.

Сурхандарыя облусунун Ооганстан менен чектеш райондорунда Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлиги (ИИМ) күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG