Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:47

Тышкы карызды 2% үстөгү менен 6 жылга жылдыруу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 4-октябрдагы отурумунда Министрлер кабинетинин атынан Экономика жана каржы министрлиги менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашуунун долбоорун карап, макулдук берди.

Экономика жана каржы министринин орун басары Руслан Татиков долбоордо тышкы карыздын 51,1 млн. долларын төлөөнү жылына 2% менен 6 жылга жылдыруу сунушталганын билдирди. Башкача айтканда аталган суммага кошумча 3,8 млн. доллар кошулат. Жыйында депутаттар 51,1 млн. доллар карыз кайсы тармакка жумшалганы жөнүндө отчет берүүнү талап кылышты.

Акыркы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карыз) жылдын ортосуна карата 416 миллиард сомдон (4 миллиард 921 миллион доллар) ашкан. Бул сумманын 85% тышкы, ал эми 15% ички карызга туура келери, жыл башынан бери жалпы сумма 7 миллион долларга кыскарганы маалымдалган. Тышкы карыздын 1,7 миллиар доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет.

Тышкы карыздын негизги суммасын төлөө 2023-2028-жылдарга туура келет. Бул убакыт аралыгында Кыргызстан жыл сайын тышкы карыз үчүн 350 млн. доллардан 400 млн. долларга чейин бөлүп турушу керек. Кыргызстан Кытайдан карыз төлөө мөөнөтүн узартууну өтүнүп келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG