Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

АКШ Грузиядагы шайлоодо админресурс колдонулганын билдирди


Ника Мелия.
Ника Мелия.

АКШнын мамлекеттик департаменти Вашингтон Грузиядагы окуялардын өнүгүшүнө көз салып жатканын кабарлады. Өлкө бийлигин саясатчы Михаил Саакашвилинин кылмыш ишиндеги коюлган айыптар боюнча акыйкат тергөө камсыздоого чакырды.

Дүйшөмбүдө АКШнын Грузиядагы элчилиги ЕККУнун баайкоочуларынын шайлоого берген оң баасына кошуларын, "жөнү жок админстративдик ресурс колдонулду” деп белгилеген.

АКШнын дипломаттары Грузиядагы шайлоодо коркутуу, сатып алуу жана талапкерлер менен добуш берүүчүлөргө кысым көрсөтүү шайлоого терс таасирин тийгизди деп эсептешет. Тблисидеги америкалык дипломаттар аталган кемчиликтер шайлоонун акыйкаттуулугуна шек жаратты деп билдирди.

Шайлоо боюнча Грузиянын саясий айдыңында талкуу жүрүп жатат. Тышкы иштер министрлиги эл аралык байкоочулардын пикири муниципалдык шайлоонун экинчи турунда эске алынарын билдирди.

Дүйшөмбү таң эрте Рустав абагынын жанында Михаил Саакашвилини колдогон митинг өттү. "Эхо Кавказа" сайты бир нече миң киши катышкан акцияда мурдагы президент Саакашвилини саясий туткун деп аташканын жазды.

Оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясынын төрагасы Ника Мелия митингде сүйлөп жатып, Саакашвилинин эркиндиги үчүн күрөшөрүн убада кылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-октябрдагы шайлоодо берилген добуштар 100% саналганын маалымдады. Ага ылайык, бийликтин "Грузин кыялы" партиясы - 40,3%, оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы - 27,97% , ал эми "Грузия үчүн" саясий партиясы 8,85% добушка ээ болду.

2-октябрдагы шайлоону утурлай өлкөгө келген мурдагы президент Михаил Саакашвили 1-октябрда камакка алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG