Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

5-октябрда Бишкек шаарына жылуулук берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-октябрдан баштап Бишкек шаарына жылуулук берилет. Алгач балдар бакчалары, мектептер, ооруканалар, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелери жылуулулукка туташтырылат. Андан соң турак-жайларга, карызы жок өндүрүш ишканаларына жана мекеме-уюмдарга берилет.

Тийиштүү токтомго мэр Айбек Жунушалиев кол койгону расмий кабарланды.

Кыргызстанда 1-октябрдан аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. "Кыргызгидромет" өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу жерлерге кар жаай турганын кабарлаган. 5-октябрда бир катар облустарда үшүк жүрөт деп эскертилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG