Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Фумио Кисида Жапониянын жаңы премьер-министри болуп шайланды


Фумио Кисида. Жапониянын жаңы премьер-министри.
Фумио Кисида. Жапониянын жаңы премьер-министри.

Жапон парламенти 4-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 64 жаштагы Фумио Кисиданы премьер-министр кылып бекитти. Кисида 2012-2017-жылдары өлкөнун тышкы иштер министри болуп иштеген.

Мурдагы премьер-министр Ёсихидэ Сугу бул кызматты бир жылдай иштеп, башкаруучу Либералдык-демократиялык партиянын рейтинги кескин түшүп кеткендиктен кызматын тапшырган.

Фумио Кисида Жапониянын 100-премьер-министри болуп калды.

Ал Либералдык-демократиялык партиянын лидерлигине шайланып, быйыл ноябрда өтчү парламенттик шайлоодо партияны баштап барары жарыяланган.

Буга чейин Фумио Кисида экономиканы калыбына келтирүү үчүн миллиарддаган доллар акча жумшоону убада кылган.

Калк арасындагы каршылыкка карабастан Олимп оюндарын өткөрүүгө байланыштуу Либералдык-демократиялык партиянынын рейтинги кескин түшүп кеткен болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG