Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Өзбекстанда палоо кымбаттады


Өзбекстанда демделген Ташкент палоосу.
Өзбекстанда демделген Ташкент палоосу.

Сентябрь айында Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында жана үч облуста палоонун баасы мурдагы айларга караганда кескин өстү.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, палоонун баасы август айына караганда Ташкентте 5,4%, Кашкадарыя облусунда 2,5% жана Хорезм облусунда 3,3% кымбаттаган.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын жазышынча, Өзбекстанда эң арзан палоо Наманганда, ал эми эң кымбаты Ташкент шаарында катталган.

Өзбекстанда палоонун индекси былтыртан бери жүргүзүлөт. Бул өлкөдөгү инфляциянын деңгээлинин көрсөткүчү катары каралган. Палоо өзбек элинин улуттук тамагы болуп саналат.

“Палоо индекси”: Борбор Азиядагы кымбатчылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:16 0:00

XS
SM
MD
LG