Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Мухаммед пайгамбардын карикатурасын тарткан сүрөтчү Ларс Вилкс каза болду


Ларс Вилкс. Швециялык сүрөтчү.
Ларс Вилкс. Швециялык сүрөтчү.

75 жаштагы Ларс Вилкс Швециянын түштүгүндө аны кайтарып жүргөн эки полиция кызматкери менен бирге жол кырсыгынан кайтыш болду. Бул тууралуу швециялык SVT телеканалы өз булагына таянып маалымат таратты.

Сүрөтчүнүн автоунаасы 3-октябрь күнү Маркарюд конушунда баратып жүк ташыган машине менен кагышып, эки автоунаа тең күйүп кетти.

Өрттү өчүрүү үчүн жол бир нече саатка бөгөлүп турду. Жүк ташуучу машиненин айдоочусу оор жаракат алып, тирүү калды.

Полициянын расмий өкүлү Рикард Лундквист иликтөөнүн жыйынтыгы менен толук маалымат берилерин билдирди.

Мухаммед пайгамбардын бир нече карикатурасын тарткан Ларс Вилкс белгилүү швед сүрөтчүсү болчу. Ал 2007-жылы пайгамбарды шакаба чеккен карикатурасын тартып, Швециянын Nerikes Allehanda гезитине жарыялаган. Бир катар мамлекеттерде тыюу салынган "Аль-Каида" террордук тобу сүрөтчүнү “исламдын башкы душмандарынын” тизмесине киргизип, анын башы үчүн $100 миң доллар сыйлык жарыялаган.

2010-жылы радикалдык ислам жолунда жүргөн эки бир тууган Вилкстин үйүн өрттөө аракети үчүн кармалып, камакка алынган.

XS
SM
MD
LG