Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

5-октябрга карата аба ырайы


5-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20,

Ысык-Көл, Нарын облустарын түнкүсүн 0...5, дыйканчылык аймактарында -4 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз 10...15,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14,

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 5...10,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...+3°.

Бишкек шаарында түнкүсүн 2…4, күндүз 10…12° чейин жылыйт. Жаан-чачын болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG