Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Депутат Саматбек Ибраевдин уулуна козголгон кылмыш иш боюнча экспертиза дайындалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевдин уулу Данияр Ибраевге козголгон кылмыш иши боюнча соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалды. Өзүн Кыргызстанга экстрадициялоо жараяны жүрүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Иш Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен иликтенүүдө.

Данияр Ибраевге 2019-жылы ири суммадагы каражатка байланышкан алдамчылык иши боюнча эл аралык издөө жарыяланган. 2020-жылдын сентябрында Болгариянын баш калаасы Софияда кармалып, үй камагына чыгарылганы кабарланган.

Ал ортодо депутат Саматбек Ибраевге жана анын үй-бүлөсүнө алданганын айткан ондон ашуун киши 4-октябрда пикетке чыгышты.

Алар Ибраевдердин үй-бүлөсү баш-аягы 35 млн. доллар карыз экенин билдирип, аласасы бар кишилердин бир бөлүгү гана пикетке чыкканын айтышты.

Нааразы топ "Ибраевдердин үй-бүлөсү түрдүү себептер менен акча алып, бербей койгон" деген жүйөнү келтиришти.

"Азаттык" азырынча депутатка байланышып, өзүнө жана үй-бүлөсүнө байланыштуу финансылык маселелер боюнча комментарий ала алган жок.

Саматбек Ибраев - КСДП фракциясынан депутат. Улуттук банкка байланыштуу мыйзамды өзгөртүү, "финансылык шылуун" катары мүнөздөлгөн орусиялык Владимир Фролов менен кызматташуу боюнча соңку күндөрү анын аты тез-тез атала баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG