Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:06

ЖМК: Евробиримдик Украинада аскердик-окуу миссиясын түзөт


Евробиримдиктин Брюсселдеги башкы кеңсесиндеги Украинанын желеги.
Евробиримдиктин Брюсселдеги башкы кеңсесиндеги Украинанын желеги.

Евробиримдик Украинада кеңеш берүүчү жана аскердик окутуу борборун түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу Германиянын Welt am Sonntag басылмасы Европалык тышкы байланыштар кызматынын ички кызматтык документтерине таянып жазып чыкты.

Басылманын маалыматы боюнча, мындай аскердик миссияны түзүүнү Балтика өлкөлөрү - Румыния, Словакия жана Польша талап кылды. Бул демилгени Швеция менен Финляндия да колдоду.

окументте мындай миссияны түзүү украин чек арасында Орусиянын аскердик активдүүлүгү күчөгөн шартта Киев менен тилектештикти билдирүү экени белгиленген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн ишембиде Киев Евробиримдик менен НАТОдо өзүн конок катары гана сезбестен, бул уюмдарга толук мүчө болууга акысы бар экенин билдирген.

Буга чейин Евробиримдик менен НАТО Киевди колдой турганын жарыялап, бирок Украинаны бул уюмдарга кабыл алуу мөөнөтүн атаган эмес.

Быйыл жазында Орусия Украина менен чектешкен аймактарга аскер күчтөрүн топтоштурган, бул жагдайга Европа менен АКШ камтама болгон.

Бир айдай созулган чыңалуудан кийин Москва аскрелерин чек арага жакын тилкелерден жылдырганын жарыялаган. Бирок Батыш бул тилкелерде кошумча аскер күчтөрү калганын белгилеген.

XS
SM
MD
LG