Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Бишкекке Казакстандын 300дөн ашуун маданият өкүлдөрү келет


Казакстандык артисттер. Иллюстрациялык сүрөт
Казакстандык артисттер. Иллюстрациялык сүрөт

Казакстандын маданият күндөрүн өткөрүү үчүн Бишкекке 300дөн ашуун казак өнөрпоздору келет. Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, иш-чара 7-9-октябрда болот.

Маданият күндөрүнүн алкагында казак кино күндөрү, археологиялык артефактар, көркөм сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Акын, агартуучу, казак жазма адабиятынын жана адабий тилинин негиз салуучусу Абай Кунанбаевдин таржымалы тууралуу “Абай операсы” көрсөтүлөт.

Казак делегациясын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова жетектеп келет.

7-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында гала-концерт болот. Эртеси Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде көргөзмө ачылып, 14-октябрга чейин уланат. Үч күн бою казак кинолору "Манас", "Россия", жана "Октябрь" кинотеатрларында акысыз көрсөтүлөт.

Андан тышкары, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр болот. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG