Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:03

COVID-19: Жаңы 80 учур катталды


АКШ Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө 1 млн доллардан ашуун суммага медициналык жабдууларды берди.
АКШ Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө 1 млн доллардан ашуун суммага медициналык жабдууларды берди.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын 6-октябрга карата маалымдаганы боюнча, 80 адамдын вирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды:

  • Бишкек - 40
  • Чүй облусу – 22
  • Ош облусу – 1
  • Талас облусу - 2
  • Нарын облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Жалал-Абад облусу – 5
  • Баткен облусу - 1
  • Ош шаарында вирус жуктурган адам катталган жок.

Ушуну менен былтыркы марттан бери өлкөдө коронавируска жалпы - 178 932 адам чалдыкты. Анын ичинен 173 712 адам сакайды.

Акыркы суткада оорудан эки киши көз жумду. Жалпы 2 612 адам коронавирустан каза тапты.

Ушул тапта ооруканада 446 адам, ал эми 676 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

2019-жылы Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 вирусу кыска аралыкта дүйнөнү каптап, 236,5 миллиондон ашуун адамга жукту. Жалпы дүйнө жүзүндө 4,8 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Оорудан 213,7 млн. ашуун адам сакайган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG