Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Балбан Айсулуу Тыныбекова экинчи жолу дүйнө чемпиону болду


Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалында. 4-октябрь, 2021-ж.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалында. 4-октябрь, 2021-ж.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды. Бул жетишкендиги менен ал Эгемен Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова 6-октябрга караган түнү 62 килограмм салмакта финалда америкалык Кайла Колиин Кийоко Мираклды 7:0 эсебинде жеңип алды. 25 жаштагы Кайла Колиин Кийоко Панамериканын чемпиону. 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2019-ж.).

Бул Дүйнө чемпионатында Тыныбекова жалпы төрт беттеш өткөрдү. Ал буга чейин жарым чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде, чейрек финалда белорусиялык Вераника Иванованы 6:6 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюк менен күрөшүп, 5:2 эсебинде уткан эле.

28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова ушуну менен дүйнө чемпионатына 3-жолу катышты. Буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын (Нур-Султан, 2019-ж.) жана коло медалдарын (Париж, 2017-ж.) тагынган. Токиодо өткөн Олимп оюндарында күмүш медал тагынган. Азиянын төрт жолку чемпиону. Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына эки жолу чыгып, эки жолу тең жеңишке жеткен биринчи балбан. Ошондой эле ал Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун Олимпиадалык 29 түрүнөн дүйнө чемпионатында алтын байге алган алгачкы спортчу.

Күрөштүн бул түрүнөн дагы бир кыргызстандык Айпери Медет кызы эртең, 6-октябрда 76 килограмм салмакта коло байге үчүн күрөшөт. Ал бүгүн, 5-октябрда жарым финалда эстониялык Эпп Мяеге 1:2 эсебинде жеңилди. Айпери 3-орун үчүн ким менен беттешери азырынча белгисиз.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда. Буга чейин эркин күрөш боюнча Кыргызстандын балбандары бир күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту. Күмүш байгени 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев алса, коло медалды 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов тагынды. Эртең, 6-октябрда 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова күрөшөт. Ал алгач түштүк кореялык Минжи Ха менен күрөшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG