Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Жаңы мыйзам: мэрлерди президент, айыл өкмөттү акимдер дайындайт


Президент Садыр Жапаров жыйындардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш бийликтин түзүмдөрүн Конституцияга шайкеш келтирүү боюнча мыйзамдар пакетин кабыл алууну тездетти. Документтерде Министрлер кабинети менен президенттик администрацияны бириктирүү, мэрлерди дайындоо укугун президентке, айыл өкмөттөрдү дайындоо укугун акимдерге берүү сыяктуу өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул жагдай депутаттардын арасында жана коомчулукта талаш пикирлерди жаратты.

Министрлер кабинети менен администрацияны бириктирүү

Мамлекеттик органдарга байланыштуу документтер топтомунун эң негизгиси “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам долбоору. Себеби, мурдагы өкмөт жаңы Баш мыйзамга ылайык Министрлер кабинети болуп түзүлгөнү менен “Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө” мыйзам менен иштеп келген. Долбоордун автору президент Садыр Жапаров.

Мыйзам парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралып, жалпы палатага экинчи окууга чыгарылды. Ошондуктан баяндаманы 6-октябрда комитеттин мүчөсү, депутат Аалы Карашев жасады.

Аалы Карашев
Аалы Карашев

“Конституцияда “аткаруу бийлигинин ишине президент жетекчилик кылат” деп жазылган болчу, биз жаңы мыйзамда мына ушуну киргиздик. Ошол эле Баш мыйзамда Министрлер кабинетинин төрагасы президенттин администрациясын кошо жетектейт деп көрсөтүлгөн. Мыйзамдын биринчи версиясына мына ушул нерсе так көрсөтүлбөй калган эле. Биз депутаттар мына ушуну сунуштап, так киргизип жатабыз. Ушуга улай эле Министрлер кабинетинин мүчөсү болом деген киши мамлекеттик кызматта кеминде 10 жыл иштеши керек деген норманы да коштук”.

Мурда өкмөт бюджетти коргоо үчүн жана аяктаган жыл үчүн отчётту берүү үчүн парламентке келүүгө милдеттүү болсо, азыр деле Министрлер кабинети ошентүүгө милдеттүү болот. Бир гана жагдай, мурда депутаттар “эгер канааттандырарлык эмес” деп тапса, өкмөт кызматтан кетмек. Азыр парламенттен андай рычаг алып салынууда. Ортодо кызматтан кеткен министрлерди президент өзү бекитет.

Министрлер кабинети менен президенттик администрация бириктирилсе, администрациянын кызматкерлери 30%га чейин кыскартылат. Бул жөнүндө мыйзамды коргогон Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров депутат Айнура Осмонованын суроосуна жооп берип жатып айтты:

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

“Аппараттын деңгээлине чейин жеткен адамдар кыскаруу болсо да жумушсуз калбайт го деп ойлоп жатам. Биз колубуздан келишинче ишсиз калгандардын баарына жумуш таап бергенге аракет кылабыз. Ошондо да айрымдарына орун табылбай калса, жумушсуздуктун жөлөкпулун алып, кезекке туруп, иш издеп турат”,-деди Жапаров.

Түзүмдөр боюнча мыйзамдарды Баш мыйзамга шайкеш келтирүү иштерине алты ай убакыт берилген. Жаңы парламенттин мөөнөтү ушул айдын аягына чейин деп эсептелгендиктен, президенттин жана Министрлер кабинетинин өкүлдөрү мыйзамдарды дароо үчүнчү окуудан чогуу кабыл алууну өтүнүштү.

Депутат Дастан Бекешев Министрлер кабинетинин төрагасына калтырып жаткан артыкчылыктар сакталып калып жатканын сынга алды.

Бийликтин түзүмдөрү аралашып жатып калды дейт депутат Рыскелди Момбеков:

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

“Экинчи-үчүнчү окуудан чогуу кабыл алып коёлу, комитет менен фракциянын чечимдери бар деп жатасыңар. Бизде фракциянын жыйыны өткөн жок, мына азыр кол топтоп жүрүшөт. Мен үчүнчү киши болуп, каршы кол койдум. Үчкө салып өткөрөбүз деген сөз бул, күчкө салып өткөрөбүз деген кеп. Күчкө салып өткөрүп алсаңар, эртең силерди да күчкө салып кетиришет. Силер мурдагы эле мыйзамды аз-маз өзгөртүп алып келип алыпсыңар. Бизде эгер президенттик башкаруу болсо, ал аткаруу бийлигинин башчысы болсо, өкмөттүн олтурумдарынын баарын ошол киши өткөрүш керек да. Азыр Министрлер кабинети өзүнчө, анын аппараты өзүнчө, президенттин аппараты өзүнчө иштеп жатат. Парламентте өкмөттүн да, президенттин да өздөрүнүн өкүлдөрү бар. Эки түзүм бириктирилип, бир эле киши иштеш керек да”.

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун сунушу менен Жогорку Кеңеш быйыл 3-февралда Улукбек Мариповду премьер-министрлик кызматка бекиткен.

Кийин Конституциялык референдумдун жыйынтыгында өлкө толук президенттик башкарууга өткөндө, президенттин 5-майдагы жарлыгы менен өкмөт Министрлер кабинети болуп кайра түзүлдү. Марипов анын төрагасы катары кайра бекиген. Ал эми президенттик администрацияны Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт.

Мэр жана айыл өкмөт башчыларын дайындоо

Жаңы мыйзамдар пакетинде “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын долбоорлору да бар. Булар да экинчи окууга киргизилди.

Бул документтерде шаар, облус, район жана айыл өкмөт башчылардын ыйгарым укуктары, аларды дайындоо сыяктуу нерселери камтылат.

Мындагы эң негизги сунуштар – президент облустагы өкүлдөрдү, мэрлерди жана акимдерди дайындайт, алар кол астындагыларды дайындайт.

Өзүн-өзү башкаруу жана аймактарды өнүктүрүү агенттиги Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине карайт. Министрдин орун басары Нурлан Шерипов мындай деди:

Нурлан Шерипов
Нурлан Шерипов

“Облустун жетекчилерин жана райондун акимдерин президент дайындайт. Мамлекет башчы мындан сырткары Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин, облустук маанидеги шаарлардын башчыларын да бекитет. Ал эми акимдер айыл өкмөт башчыларын жана райондук маанидеги шаарлардын башчыларын өзү дайындоого укук алат. Алар талапкерлерди кадрлар резервин карап, ошол жерден тандап алат. Айылдык кеңештер менен шаардык кеңештердин ыйгарым укуктары мэрди шайлоодон башкасы баары сакталат. Мэрдин программасын, бюджетти кабыл алууну депутаттар жүргүзө берет”.

Мурда республикалык бюджеттен сырткары шаардын жана райондордун гана бюджети болчу, бул эки деңгээлдүү бюджет деп аталчу. Жаңы мыйзамга ылайык, 2023-жылдан баштап үчүнчү деңгээл – райондук бюджеттер киргизилет. Демек, аны бекитүү үчүн мурда жоюлуп кеткен райондук кеңеш кайра жандантылмакчы. Кайсы бир райондо туулган киши өзү төрөлгөн аймакта аким боло албайт.

Бул сунуштарды бир катар депутаттар сынга алышты. Анын ичинде эл өкүлү Шайлообек Атазов акимдерге берилген укук коррупцияга алып келет деди.

Шайлообек Атазов
Шайлообек Атазов

“Биз берген сунуштарды кабыл алышыңар керек. Ушундай болот” деп эле күчкө сала берген болбойт. Айылдык кеңештин депутаттарына айыл өкмөт башчысын шайлоого мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Эки жолу шайласа шайласын, шайлай албаса аким дайындай тургандай кылып коюш керек. Депутаттарды сыртта калтырып эле, акимди монстр кылып чыга берген туура эмес. Айыл өкмөт болом дегендер акимдерге 4-5 миң доллардан акча камдап жатканын угуп жатабыз, мына ушул көрүнүш дагы өөрчүп кетет. Эгер аким бир айыл өкмөт башчылыкка бир талапкерди сунуштаса, аны айылдык кеңеш четке кагып коюшу мүмкүн. Бир эле адам баарын чече берген болбойт. Эл менен да эсептешиш керек”.

“Үйлөрдүн комитет башчыларын да президент дайындайбы?”

Маалым болгондой, Кыргызстанда 453 айыл өкмөтү бар. Алардын баарынын башчыларын учурда айылдык кеңешке шайланган депутаттар шайлайт. Натыйжада алар шайлоодо элге берген убадаларын жаңы сунушталган өкмөт башчы аркылуу аткарууга аракет кылат. Эгер айыл өкмөт башчысын аким дайындап жатса, анда депутаттар кантип убада берет? Парламенттин трибунасында ушул маселе да кеп болду.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар ассоциациясы” союзунун директору Бектурган Орозбаев бул демилгеге каршы экенин ачык айтты:

Бектурган Орозбаев
Бектурган Орозбаев

“Чынында бул тарыхый учур болуп жатат. Бизге азыр бардык айылдык кеңештерден депутаттар байланышып, бул чечимге нааразылыктарын билдиришүүдө. Эгерде айыл өкмөт башчылар дайындалып калса, айылдык кеңештин депутаттарынан чоң укук чыгып кетет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бул – жергиликтүү жамаат өзүнүн аткаруу органын өзү түзүш керек деп берилген. Эң идеалдуу формасы түз шайлоо болчу, андан биз кыйыр шайлоого келгенбиз. Эми андан да кетип, дайындоого кете турган болсо анда кеңештердин кереги деле жок болуп калат. Биз бул жерде акимчилик менен кеңештердин ортосунда тиреш болуп калбайбы деп кооптонуп жатабыз. Ошондуктан биздин позициябызда алгач айылдык кеңешке шайлоого укук берилип, алар шайлай албаса анан дайындоого акимге уруксат берилсе болмок. Ушул компромистүү вариант”.

Быйыл 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу “президенттик” жана “парламенттик” башкарууну тандаган референдум да өтүп, анын жыйынтыгында биринчиси тандалган.

Президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө негиз берген жаңы Конституция 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен чогуу өткөн референдумда кабыл алынып, президент Жаңы баш мыйзамды 5-майда кабыл алган. Жаңы баш мыйзамга ылайык, президент аткаруу бийлигинин башчысы деп саналат.

Мына ушунун негизинде президент Садыр Жапаров өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүн президенттин өкүлү кылып өзгөрткөн, акимдердин баарын өзү дайындаган.

Мурдараак окуу жайлардын жетекчилерин да президент кызматка коёт деген өңүттөгү сунуштар айтылып жаткан. Мына ушундан улам коомчулукта “бийлик вертикалы” күчөйт деген кооптонуулар жаралууда.

Депутат Евгения Строкованын пикирине орун берели:

Евгения Строкова
Евгения Строкова

“Жаңы Конституцияны кабыл алгандан кийин, кандай болбосун калган мыйзамдарды ошого шайкеш келтиришибиз керек. Бул түшүнүктүү. Бирок ушунун өзү кайра ошол “бийликтин вертикалын” өлтүрүп салбайбы? Президентте дайындоолордон башка да көп милдеттери бар эмеспи. Ал киши майда кызматтардын жетекчилеринен бери дайындап, ошо менен алектенип жүрсө, убактысына зыян болуп калбайбы. Азыр биздин көп кабаттуу үйдө үйдүн комитет башчысын (домком) шайлоодо маселе чыгып жатат. Ал жашы улгайып калды, “алмаштыргыла, мен кетем” деп жатат. Бирок мен “шашпай тургула, балким үйлөрдүн башчыларын деле президент дайындап калар” деп айттым. Жеке мен бардыгын президент дайындагандын маанисин көрө албай жатам. Бул майда кызматтарда жоопкерчиликти жоготот, алар президенттин көзүн карап эле олтуруп калышат”.

Жыйын соңунда тиешелүү мыйзамдардын бардыгы экинчи, үчүнчү добуш берүүдөн өттү. Документтерге президент кол койсо, күчүнө кирет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG