Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:11

Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттүн курамын жактырды (видео)


Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып Акылбек Жапаровду дайындады. Жаңы өкмөттүн курамына Жогорку Кеңеш макулдугун берди.

Жогорку Кеңеш бүгүн 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана кабинет мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү маселесин карады.

Өз сөзүндө өкмөт башчылыкка сунушталган Акылбек Жапаров өлкөгө жаңы экономикалык саясат керек болуп жатканын айтты:

“Анын негизинде таза эмгек, адилеттүү салык, социалдык теңчилдик болот. Өнүктүрүүнүн негизги төрт вектору боюнча аракет кылышыбыз керек. Алар: экономиканы фискалдаштыруу жана санариптештирүү, айыл чарбасын реформалоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, чакан жана орто бизнести колдоо, көмүскө экономикага каршы күрөшүү”.

Ал мындай мүмкүнчүлүк ага жана анын муунундагы саясатчыларга акыркы жолу берилип жатышы ыктымал деп эсептейт. Жапаров эгемен Кыргызстандын тарыхындагы окуяларга ал да жооптуу экенин белгиледи:

“Мен биздин муундагы саясатчылар сыяктуу эле 30 жылдын ичинде өлкөбүздө болуп жаткан окуяларга жооптуубуз. Бирок азыркы биздин муундагы саясатчылар үчүн дагы бир жолу, балким, акыркы шанс берилип жатат. Мен мындай мүмкүнчүлүктү 100% колдонуу үчүн бардык күчүмдү жумшайм деп сиздерге сөз бере алам”, - деди Жапаров.

Акылбек Жапаров өкмөт башына келди

Жаңы өкмөттүн курамын бир күн мурда парламенттин тиешелүү комитети караган.

Акылбек Жапаровду жаңы Конституцияга ылайык Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик аппараттын жетекчиси кызматына сунуштаганын мамлекет башчы Садыр Жапаров 12-октябрда жарыялады.

Ал социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчасына Жапаров өлкө экономикасын кризистен алып чыгууга убада бергени менен түшүндүрдү.

"Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик. “Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам” деп сөз берди. Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм. Ошондуктан ал кишини азырынча сындабай, өкмөт башына коюп, убакыт берели. Анын мурдагы ишмердиги кандай болгонуна баа берип, “ичкен-жеген” деп сындап жаткан жарандарыбызга айтарым, менин убагымда анын ар бир баскан-турган кадамы, кыймыл-аракети толук жеке көзөмөлүмдө болот", - деди президент.

Жапаров айрым министрликтерге жаңы кишилер сунушталганын, февраль айынан бери ким кандай иштеп жатканын баамдап келе жатканын айтып, "Эми мындан ары туруктуу, стабилдүү өкмөт иштей баштайт" деп кошумчалады.

"Азаттыкка" белгилүү болгондой жаңы өкмөттүн курамында бир катар жетекчилер алмашкан.

Министрлер кабинетинин жаңы курамы
Министрлер кабинетинин жаңы курамы

Алсак, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына Арзыбек Кожошев, экономика маселелери боюнча орун басарлыгына Азиз Аалиев, социалдык маселелер боюнча орун басарлыгына Эдил Байсалов, коопсуздук тармагы боюнча орун басар-УКМКнын төрагалыгына Камчыбек Ташиев, экономика министрлигине Данияр Амангелдиев, финансы министрлигине Алмаз Бакетаев, юстиция министрлигине Аяз Баетов, маданият, маалымат министрлигине Азамат Жаманкулов, социалдык өнүктүрүү министрлигине Кудайберген Базарбаев сунушталды.

Руслан Казакбаев тышкы иштер министри, Улан Ниязбеков ички иштер министри, Болотбек Купешов билим берүү министри, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри, Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри, Эркинбек Осоев транспорт министри, Доскул Бекмурзаев энергетика министри, Бактыбек Бекболотов коргоо министри, Динара Кутманова экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы, Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри болуп ишин улантмакчы.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети бүгүн 12-октябрда Министрлер кабинетинин жаңы курамы жана түзүлүшү боюнча маселени карап, президенттин сунушун колдоду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Акылбек Жапаров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү билдирди:

"Салык чогултуу ыкмаларын жөнгө сала турган болсок, саясат киришпесе, олигархтар, депутаттар, министрлер же ошолордун үстүндө турган саясатчылар экономикага кийлигишпесе, анда бюджетти көтөрсө болот. Жалпысынан быйыл консолидация болгон мамлекеттик бюджет 280 миллиард сом болот, ошону менен жылды жабабыз деп жатабыз. Эмки жылдын жыйынтыгы менен кирешебиз 400 миллиард сом болот".

Ал эми кызматтан кеткен өкмөт башчы тууралуу Садыр Жапаров "Улукбек Асамидинович да жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Жаш кадр. Оор мезгилде кыйынчылыктарды бирге басып өттүк. Тажрыйба топтоду. Анын келечеги алдыда", - деген.

Жапаровдун амбициялуу убадалары

Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган Акылбек Жапаров 2022-жылы мамлекеттин бюджетин дээрлик 40% көтөрүүгө убада берди.

Акылбек Жапаровдун айтуусунда, келерки жылы бажы жана салык тармагынан быйылкыга салыштырмалуу 100 млрд. сом көп төлөм жыйналат. Ошондой эле мамлекеттин карамагында турган ишканалардан түшчү двиденддерден жана башка булактардан 20 млрд. көп пайда түшөт.

“120 млрд. сомдун булагы бизде бар. Ал үчүн аткезчилик дегенди толугу менен жоюп, санариптештирүү, фискализацияны толугу менен бүтүрүш керек. Эгер ушунун барын аткарсак, пландар ишке ашат. 2022-жылды 400 млрд. сом менен жапсак, 2023-жылды 500 млрд. сомго, 2024-жылды 600 млрд. сомго чыгаралы деген оюбуз бар. Бизде көмүскө экономика абдан чоң”, - деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров бюджетти 400 млрд сомго жеткирүүнү убадалаганын президент Садыр Жапаров дагы "Инстаграм" баракчасына жазып, эгер ишке ашыра албай калса чара көрөрүн билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган Акылбек Жапаров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Октябрь окуяларынан кийин саясат менен коштошконун, бирок президент Садыр Жапаровдун чечкиндүүлүгү аны кайра саясатка алып келгенин айтты.

“Былтыр октябрдан кийин саясат менен коштошком. Буга чейинки президенттердин бардыгына азыркы ой-пикирлеримди айткам. Кумтөрдү алып койсок болот десем, ага макул болушкан эмес. Аткезчиликти жок кылса болот, бюджетти үч эсе көтөрсө болот деп, 2005-жылы Курманбек Бакиевди көндүрүп, кийин балдары тың чыгып, мени жылдырып коюшкан. Президенттерге, премьерлерге министр, депутат кезимде айтып жүрдүм. Тилекке каршы, алар чечкиндүү кадамдарга бара алган эмес. Садыр Нуркожоевич чечкиндүү кадамдарга барды. Кумтөрдү көрдүңүздөр, аз эле калды аны чечебиз. Садыр Жапаровдо саясий эрк бар экен. Өзүмдүн акыл-эсимди кыргыз экономиканы, бюджетти көтөрүүгө, кедей-кембагалдарга жардам берүүгө арноого даярмын”.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев жаңы Министрлер кабинети өтө чоң амбициялуу пландарды коюп жатканын айтат.

“Амбициялуу пландарды коюп, 280 млрд. сом бюджетти 400 млрд. сомго жеткирем деп жатат. Бул өтө күчтүү кадам. Бүгүн Кыргызстан пандемиядан кийинки кризистен чыга элек. Өкмөттүн түзүмү дагы мурдагыга караганда жакшырды. Саламаттыкты сактоо министрлигине социалдык кызматтар кирип кетсе, бул жолу бөлдү. Экономика жана финансы министрлигин дагы экиге бөлүп туура кылды. Финансы министри каржы булагын топтоп, киреше-чыгашаны көзөмөлдөш керек. Ал эми экономика министрлиги макро-экономиканы алып жүрүш керек. Инвестиция министрлиги жоюлуп Тышкы иштер министрлигине кошулду. Санарип министрлиги жоюлуп Транспорт жана коммуникациялар министрлигине кошулду.

Анткен менен мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтагазиев Акылбек Жапаровдун амбициялуу убадалары тууралуу Уинстон Черчиллдин “саясатчы эртең, бир жумадан кийин, келерки айда эмне болорун алдын ала айтып, андан кийин эмнеге ал болбой калганын түшүндүрө билиш керек” деген цитатасын мисалга тартууда.

“Люстрация идеясына каршы келип жатат. Профессионалдык жагына караш керек, бирок моралдык жагы дагы бар да. Акылбек Жапаров буга чейин дагы бир канча жолу министр болуп, өзүн көргөзгөн. Карышкырга кой кайтарткандай эле болуп калды. Жапаров авторитардык бийликте жакшы чиновник болмок. Азыркы демилгелери элдин кыжырын келтирип, бийликке каршы маанайды күчөтүп салышы мүмкүн".

Акылбек Жапаров ким?

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөт курамынын өзгөрүүсүн өткөн жумада Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл алган “Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзам менен байланыштырды.

“Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам күчүнө кирсе өзгөрүү болуш керек, сөзсүз болот. Президенттин администрация башчысы Министрлер кабинетинин төрагасы болуп калат”.

“Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш өткөн жумада үчүнчү окууда кабыл алган. Аталган мыйзамга 11-октябрда президент кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы менен президенттин администрация башчысы бир адам болот.

Ушул жылдын 5-майында жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин өкмөт Министрлер кабинети деп өзгөрүп, мыйзамдар жаңы Баш мыйзамга шайкеш болбогондуктан өткөөл жобонун негизинде парламенттин макулдугусуз дайындалган.

“Азаттыкка” өкмөттөгү ишенимдүү булактар билдиргендей, өкмөт курамында бир топ өзгөрүүлөр болуп, түзүмү да өзгөрөт.

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы болсо, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев азыркы кызматын сактоо менен бирге коопсуздук тармагын тейлеген вице-премьер-министр кызматына дайындалышы мүмкүн.

57 жаштагы Акылбек Жапаров ушул жылдын июнь айынан бери Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары - финансы жана экономика министри болуп иштеп келет.

Ал бул кызматка дайындалганга чейин Кумтөр алтын кенин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген. Сентябрдын аягында Женева шаарында өткөн "Центерра голд" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүүсүнө Кыргызстандын делегациясын жетектеп барган.

Акылбек Жапаров өкмөт башчы жана өлкө башчылыктан тышкары мамлекеттик кызматтын дээрлик бардык тепкичин басып өткөн саясатчы. Ал буга чейин берген маектеринде өкмөт башчы болуу үчүн көп жылдан бери даярданып келе жатканын айтканы бар.

Саясатчы Туйгунаалы Абдраимов Министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаровдун дайындалышы туура чечим болорун айтты:

Туйгунаалы Абдраимов
Туйгунаалы Абдраимов

“Негизи Акылбек Жапаровду мындан көп жыл мурун эле премьер-министр кылыш керек эле. Анткени мен бул жигитти 1993-жылдан бери билем, Жапаров бардык жагынан бул кызматка даяр. Карап көрсөңөр даяр эмес балдар барып калып, элдин убалына калып жатпайбы. Акылбек бир нече жолу финансы министри болду, экономика министри, биринчи-вице-премьер-министр, депутат болду. Кыргызстандын микроэкономикасын дагы, макроэкономикасын дагы жакшы түшүнөт. Эгер чын эле Акылбек Жапаров премьер-министр болсо, Кыргызстан үчүн жакшы жышаан деп эсептейм. Президенттин эң туура чечими”.

Ошол эле учурда Акылбек Жапаровдун саясий өмүр жолуна элдин пикири бир кылка эмес.

2020-жылы октябрь окуяларынан кийин премьер-министр болгон Садыр Жапаров фамилиялашын финансы боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси кылып дайындаган. Бирок он күн өтпөй Акылбек Жапаровдун дарегине айтылган сындан улам кызматтан алууну чечкенин билдирген.

Анткен менен президенттик шайлоодон кийин Садыр Жапаровдун көзүрү болгон Кумтөр алтын кенин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссияны жетектөө Акылбек Жапаровго тапшырылды.

Президент мындай чечимди Кытай реформатору Дэн Сяопиндин "Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду" деген цитатасы менен түшүндүргөн.

Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия Кумтөр кенине тыштан башкарууну демилгелеп, алтын кенин беш айдан бери кыргыз өкмөтү дайындаган тыштан башкаруучу топ көзөмөлдөп жатат.

Кумтөр кенине тыштан башкаруу киргенден кийин Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри кызматына келген.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков беш айдан бери өкмөттү де-факто Акылбек Жапаров башкарып жатканын, дараметин көргөзгөнүн айтат.

“Акылбек Жапаровдун демилгелери ийгилик же жакшылык менен бүтө элек. Тескерисинче, Кыргызстанга көп көйгөйлөрдү алып келүүдө. Анын көпчүлүк демилгелери жарандык коомдун сынына кабылып келет. Мисалы, салыкты милиция чогултат дегенинен баштап, экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу мыйзам долбоору четке кагылды. Жапаровдун демилгелери ишке ашкан учур боло элек. Жапаров беш айдан бери де-факто өкмөттү башкарып келет. Кризис чечилүүнүн ордуна жаңы экономикалык, энергетикалык көйгөйлөр пайда болду”.

2005-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп, парламенттеги таасирдүү Бюджет жана финансы комитетин жетектеген Акылбек Жапаров Жоогазын ыңкылабынан кийин финансы министри, экономика жана соода министри, биринчи вице-премьер-министр болуп эмгектенген.

2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин Бакиевдин башка үзөңгүлөштөрүнөн айырмаланып, ошол эле жылы саясатка кайтып, “Ар-намыс” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. Бир жыл өтпөй коалициялык өкмөттүн курамында кайрадан финансы министри болуп дайындалган.

2015-жылы “Бир Бол” партиясы менен кайрадан депутаттыкка шайланды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков кыргыз экономикасын беш колундай билерин, азыркыдай кырдаалда өкмөт башына кризис-менеджер катары келе жатат дейт.

Туратбек Мадылбеков
Туратбек Мадылбеков

“Акылбек Жапаровдун премьер-министр болушун колдойм. Ал менен 5-чакырылышта Жогорку Кеңеште чогуу иштедим. Экономика, финансы жаатында профессионал. Кризис учурда жол таба билген жигит. Мындай учурда Жапаровго окшош профессонал келбесе жөн эле коюп койгон куурчак тартып кете албайт. Жапаров кыргыз экономика-финансы тармагында суудагы балыктай сүзгөн кадрлардын бири. Бирок Жапаровго көзөмөл керек, элге жакпаган жүрүштөрү бар. Жогорку Кеңешке тың депутаттар келип, карап туруш керек”.

Ал эми экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров бир жыл мурунку элдик толкундоолордогу люстрация талабын эске салды.

“Жаштар люстрация деп талап кылып жатат. Бизге кан жаңырып, жаш кадрлар керек. Антпесе Кыргызстан өнүкпөй турганы белгилүү болуп калды. Анын ордуна 20-30 жыл системада иштеп, колунан эмне келет көргөзүп, керек болсо таза иштебеген адамдарды алып келгени өкүндүрөт”.

Жаңы өкмөт өлкө экономикалык, энергетикалык кризис, чек ара маселеси кептеп, конституциялык реформадан кийин мамлекеттик башкаруу бир калыпка түшө элек учурда келген турат. Азык-түлүк, кийим-кечеден баштап, курулуш материалдары, күйүүчү-майлоочу май ж.б товарлардын баасы кымбаттоодо.

Кыргызстандын экономикасы пандемиянын кесепетинен бир жарым жылдан бери нөлдүк өсүшкө да чыга элек. Жыл башынан бери ички дүң өндүрүм былтыркы ушул убакка салыштырмалуу 1,6% түштү. Бирок өткөн жылы карантиндин айынан экономика такыр жылбай турган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG