Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жаңы курамы боюнча билдирүү таратты


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров "Инстаграм" социалдык тармагындагы расмий баракчасына бүгүн жаңы дайындалган Министрлер кабинетинин курамы тууралуу билдирүү таратты. Анда ал кабинеттин жаңы төрагасы Акылбек Жапаровдун ар бир кадамын жеке өзү көзөмөлдөй турганын жазган.

"Бул өзгөрүүнүн себеби тууралуу суроо жаралууда. Ар бир мамлекеттин башкы көйгөйү – казынаны толтуруу. Казына толсо элдин жашоосу оңолот, пенсия, маяна көбөйөт, инфратүзүм жакшырат. Ошондо гана күчтүү мамлекет болобуз. Биз Акылбек Жапаров менен макулдаштык, ал бул жылдын бюджетин 280 миллиард сом менен жаап, келерки жылы 400 миллиард сомго жеткирем деп сөз берди. Эгер муну аткарбаса, чара көрөм. Аны сындабай, иштөөсүнө убакыт берели. Мурдагы ишмердигин сындаган атуулдарга айтаарым, Жапаровдун ар бир кадамы менин жеке көзөмөлүмдө болот", - деп жазган.

Президент Акылбек Жапаровдун жетекчилиги менен Кумтөр маселеси козголуп, казынага кошумча 24 миллиард сом түшкөнүн, ошонун эсебинен жетим балдардын жөлөк пулу 100% көбөйгөнүн да белгилеген.

Бүгүн, 12-октябрда Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулду. Президенттин жарлыгы менен Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG