Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:09

Акын Сүйүнбай Эралиевдин үйүнө мемориалдык такта орнотулду


Сүйүнбай Эралиевдин мемориалдык тактасы.
Сүйүнбай Эралиевдин мемориалдык тактасы.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин мемориалдык тактасы Бишкектеги өзү жашаган үйгө орнотулду. Иш-чарага маркумдун замандаштары, белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер катышты.

Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Талас облусунун Үч-Эмчек айлында жарыкка келген.

Эралиев чыгармачылык ишин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында баштаган. Акын Улуу Ата Мекендик согушка да катышкан. Алгачкы ыр жыйнагы 1949-жылы "Биринчи жаңырык” аттуу ат менен жарыкка чыккан.

Сүйүнбай Эралиев кыргыз поэзиясында биринчилерден болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган "Жылдыздарга саякат" поэмасында пайдаланган.

Акын Уитмендин, Тагордун, Турсун-Заденин, Твардовскийдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Анын жалпы кыргыз тилинде 36, орус тилинде 20, башка тилдерде төрт китеби жарык көргөн.

Эралиевге "Күнгө эстелик", "Жаркыраган ашуу" аттуу орусча ыр китептери үчүн 1981-жылы Александр Фадеев атындагы медалдын ыйгарылган.

1948-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1974-жылы "Кыргыз Эл акыны", 1986-жылы "Кыштак кечтери" аттуу китеби үчүн (1985-жылы басылып чыккан) Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгын алган.

1998-жылы Казакстандын адабият жана өнөр тармагындагы Эл аралык Жамбыл атындагы сыйлыгы ыйгарылган.

2000-жылы кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу зор салымы үчүн Казакстандын "Алтын көпир" аттуу эл аралык сыйлыгы берилген.

"Элдердин достугу" ордени, Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени, III жана I даражадагы Манас ордендери, Ардак грамоталар жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

2006-жылы "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген ардак наам берилген.

Акын жана котормочу Сүйүнбай Эралиев 2016-жылы 95 жашында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG