Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Еврошаркет Украинага көбүрөөк колдоо көрсөтөт


Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин жетекчиси Шарль Мишель президент Владимир Зеленский менен жолугушууда. 12-октябрь, 2021-жыл
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин жетекчиси Шарль Мишель президент Владимир Зеленский менен жолугушууда. 12-октябрь, 2021-жыл

Европа биримдиги Украинага терең колдоо көрсөтөрүн убада кылды. Бул тууралуу 12-октябрда Киевде президент Владимир Зеленский баш болгон украин лидерлери менен Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин жетекчиси Шарль Мишель өткөргөн саммит учурунда айтылды.

Урсула фон дер Ляйен Украинаны шаркеттин мүчө-мамлекеттеринен чыккан газ менен көбүрөөк камсыздоонун үстүнөн жакындан иш жүргүзүлөрүн белгиледи.

"Украина газ транзитине келгенде ишенимдүү өлкө бойдон калууга тийиш", -деп айтты биримдиктин жогорку өкүлү.

Тараптар ушуну менен 23-жолу жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрүштү. Сегиз жылдан бери Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер менен өкмөттүк күчтөрдүн урушу басылбай келатат.

Зеленскийге реформаларды ишке ашыруу жана коррупция менен күрөш солгун жүрүп жатат деген сын күчөдү.

Муну менен катар газ маселеси да күн тартибиндеги олуттуу мселелердин бири бойдон кала берүүдө. Украина жана европалык бир катар өлкөлөр Орусиянын мамлекеттик “Газпром” ишканасын газдын баасын көтөрүп жаткандыгы үчүн сындап жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG