Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

Беларустун Нью-Йорктогу Башкы консулдугу жабылууда


Беларус консулдугунун маңдайындагы акция. Нью-Йорк
Беларус консулдугунун маңдайындагы акция. Нью-Йорк

Беларустун Нью-Йорктогу Башкы консулдугу 21-октябрда жабылганы турат. Беларус Тышкы иштер министрлигинин сайтында кабарлангандай, бул чечим АКШнын талабына ылайык кабыл алынды. Эми аймакта жашаган беларустарды Вашингтондогу элчилик тейлейт.

Августта беларус тышкы саясий мекемеси Жулия Фишерди АКШнын Минскидеги элчиси кылып дайындоо тууралуу макулдугун чакыртып алган жана элчиликтин кызматкерлерин беш кишиге чейин азайтуу керектигин айткан.

Беларус бийлиги муну «Вашингтондун бардык тармактардагы кызматташтыкты кыскартуу жана өлкөнү экономикалык кысмакка алуу аракеттерине» жооп катары мүнөздөгөн.

9-августта АКШ куугунтук токтобой, адам укуктары бузулуп жаткандыгы үчүн Беларуска каршы санкцияларды кеңейткен. Жаңы тизмеде 20дан ашуун киши, Улуттук Олимпиада комитети, бир нече компания жана ишкана камтылган.

Вашингтон Минскини жарандык коом өкүлдөрүн, маалымат каражаттарын, спортчу, студент, юристтерди жана башка адамдарды куугунуктоону токтотууга, саясий тутукндарды бошотууга, демократиялык оппозиция менен диалог жүргүзүүгө чакырып келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG