Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Президент өкмөттү кызматтан кетирди, Мариповдун ордуна Жапаровду дайындады


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда кол койду.

Президенттин жарлыгы менен Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Министрлер кабинетинин жаңы курамы
Министрлер кабинетинин жаңы курамы

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Министрлер кабинетинин азыркы курамы кызматтан кетти. Кабинет мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар жаңы курам түзүлгөнчө өз милдеттерин аткарууну улантат.

11-октябрда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ага ылайык өкмөттүн курамы жана түзүлүшү өзгөрөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG