Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

ЭВФнын аткаруу кеңеши тескөөчү директор Георгиеваны колдоду


Кристалина Георгиева
Кристалина Георгиева

Эл аралык валюта фондунун аткаруу кеңеши тескөөчү директор Кристалина Георгиевага ишеним көргөздү жана аны кызматтан албоону чечти. 11-октябрда таратылган билдирүүдө кеңеш “2018-жылкы Doing Business отчетун даярдоодо Георгиева Дүйнөлүк банктын аткаруучу жетекчиси катары кыянат роль ойногону тууралуу далилдерди тапкан жок” деп айтылат.

Мунун алдында бизнес рейтингди аныктаган докладды даярдоодо жетекчи мыйзам бузууга барып, Кытайдын көрсөткүчтөрүн ашырып бердирген деген доомат айтылып келген. Георгиева айыптарды четке каккан.

Сентябрда Дүйнөлүк банк бул жаңжалдан улам рейтингди жарыялоону токтотконун жар салды.

Ал арада АКШнын финансы министри Жанет Йеллен Георгиева менен телефондон сүйлөшүп, отчеттогу маалыматтар бурмаланганы тууралуу шектенүүлөр камтама жаратарын айтканын билдирди.

Министр Дүйнөлүк банкка жана Эл аралык валюта фондуна болгон ишенимди сактап калуу үчүн адилет, ар тараптуу иликтөө жүргүзүү маанилүү экенин белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG