Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Кыргызстанда тогуз айда алкоголь жана тамеки көбүрөөк кымбаттады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетити өлкөнүн 2021-жылдын январь айынан сентябрь айына чейинки экономикалык жана социалдык өнүгүү көрсөткүчүн жарыялады.

Ага ылайык, 2020-жылга салыштырмалуу акыркы тогуз айда өлкөдө баалар жана тарифтер 6,5% кымбаттады. Көбүрөөк алкоголь менен тамеки кымбаттады (9,8%), ошондой эле тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктарга баа 7,4 % өстү.

Статкомдун маалыматына караганда, мөмө-жемиштердин арасынан лимон 47% кымбаттаса, гречка 31,6%, өсүмдүк майы 21,5%, кумшекер 20,5% жогорулады. Ошондой эле балык, эттин бардык түрү, нан жана кондитер азыктарына баа өскөнү байкалды.

Мекеме баанын жана тарифтин өскөнү бардык аймактарда байкалганын билдирди. Максималдуу жогорулоо Жалал-Абад облусунда катталган 9,8%.

Ал эми 2021-жылдын январь айынан августка чейин транспорт жана жүк сактоо тармагында иштегендердин айлык акысы өткөн жылдын ушул убатысына салыштырмалуу 31,7 пайызга жогорулаган. Ошондой эле кыймылсыз мүлктү алып-сатуу ишин каттагандардын, маалымат жана байланыш тармагында (16,1%), илимий-техникалык ишмердүүлүк менен алектенгендердики (14,4%), кен казуу тармагындагылардын (11,1%) маянасы өскөнү байкалган.

Улуттук статистика комитети дүйнөлүк рыноктогу кымбатчылыкты эске алып 2021-жылдын экинчи жарымында да баалардын өсүшү ыктымалдыгын эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG