Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Жаңы өкмөт боюнча сунуш парламенттик комитетке жөнөтүлгөнү кабарланды


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Министрлер кабинетинин жаңы курамы жана түзүлүшү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу 12-октябрда «Азаттыктын» ишенимдүү булактары билдирди.

Азыркы экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагалыгына, анын биринчи орун басарлыгына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев сунушталып жатканы, ал азыркы кызматын да сактап калары айтылууда.

Орун басарлыкка Финкөзөмөл кызматынын башчысы Арзыбек Кожошев жана азыр төраганын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Азис Аалиев сунушталды.

Каржы министрлигине Алмаз Бакетаев, Экономика министрлигине Данияр Амангелдиев дайындалары айтылып жатат.

Расмий органдар бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

11-октябрда күчүнө кирген Министрлер кабинети жөнүндөгү конституциялык мыйзамга ылайык анын төрагасы жана мүчөлөрү, башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчиси кызматына талапкерлер жогорку билимдүү, мамлекеттик же муниципалдык кызматта жалпысынан 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, анын ичинен беш жыл жетекчилик кызматта иштеши зарыл. Кыргызстандын жараны, башка мамлекеттин жарандыгы жок жана соттолбогон болушу керек.

Баш мыйзамдын 89-беренесин ишке ашыруу алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы ошол эле учурда президенттин администрациясынын жетекчисинин кызматын аткарат.

Жаңы майзамда өкмөт мүчөлөрүнүн кызматтан кетүүсүнө байланыштуу чечимди президент Жогорку Кеңеш менен Элдик Курултайдын сунуштарын эске алуу менен кабыл алары жазылган. Министрлер кабинети жана анын мүчөлөрү мыйзам чыгарууга катышууга укуктуу. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG