Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:46

Футбол: Крестинин боюнча чечим тандоо оюндарына жараша кабыл алынат


Александр Крестинин.
Александр Крестинин.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен кызматташуунун келечеги боюнча маселе тандоо оюндарынын жыйынтыгына жараша кабыл алынат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 11-октябрда Кыргызстандын футбол бирлигинин президенти болуп жаңы шайланган Медер Сыдыков билдирди.

Сыдыков “Кыргызстан бир катар оюндарда жеңилди, күйөрмандар арасында нааразылык бар” деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди:

“Көп жагдайлар бар. Анын жүйөлүү себептери да бар. Бир жагынан, биз коомчулукка айта албаган да нерселер болду. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2020-жылы пандемия болуп калды. Ал эми Александр Сергеевич боюнча айтсак, анын төрт жылдык келишими 2022-жылдын аягы менен бүтөт. Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия кубогуна тандоо оюндары башталганда төрт жылды эсептеп кол койгонбуз. Азия кубогунан кийин биз жакшы ниет менен, жакшы ойдо аны менен төрт жылга келишим түзгөнбүз. Эгер тандоо оюндарында өз ишин жакшы жыйынтыктап бүтүрсө ошондон кийин чечим кабыл алабыз”.

11-октябрда Кыргызстандын футбол бирлигинин аткаруу комитетинде 28 делегаттын 24ү федерациянын мурдагы баш катчысы Медер Сыдыковду президент кылып шайлаган.

Кыргызстан 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынан четтеген. Анткен менен Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-раундунда ойнойт. Тандоо оюндарынын финалдык бөлүгү качан өтөрүн азырынча АФК жарыялай элек.

Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-раундунда 24 команда ойнойт. Алар: Өзбекстан, Иордания, Бахрейн, Кыргызстан, Палестина, Индия, Таиланд, Тажикстан, Филиппин, Түркмөнстан, Кувейт, Ооганстан, Малайзия, Сингапур, Монголия, Гонконг, Мальдив аралдары, Шри-Ланка, Непал, Мьянма, Йемен, Бангладеш. Алардын 11и кийинки баскычка өтөт. 2023-жылдагы Азия кубогунун оюндары 16-июндан 16-июлга чейин Кытайдын 10 шаарында өтөт.

Быйыл август айында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мурдагы капитаны Азамат Байматов өлкөнүн футбол бирлигин сындап, Крестининдин кызматтан кетишин талап кылып чыккан.

42 жаштагы Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучулук кызматына 2014-жылы келген. Ага чейин (2012-2014-жж.) "Нефтчи" футбол клубунун башында турган. Крестинин жана команда үчүн 2019-жыл аябай жемиштүү болгон. Анда курама команда өз тарыхында Азия кубогуна катышып, мелдештин 1/8 финалына чейин жеткен.

Ошол эле жылы Кыргызстандын футбол бирлиги Александр Крестинин менен дагы төрт жылга келишим түзгөн. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG