Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Футбол бирлигинин президенти болуп Медер Сыдыков шайланды


Медер Сыдыков (оңдо) жана Семетей Султанов.
Медер Сыдыков (оңдо) жана Семетей Султанов.

Бүгүн, 11-октябрда Кыргызстандын футбол бирлигинин аткаруу комитети президент Канатбек Маматовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырып, жаңы жетекчи шайлашты. Президенттикке эки талапкер ат салышты. Алар: федерациянын мурдагы президенти Семетей Султанов жана федерациянын мурдагы баш катчысы Медер Сыдыков. 28 делегаттын 24ү Медер Сыдыковго, Султановго үчөө добуш берди.

Сыдыков алгачкы иш пландары тууралуу "Азаттыкка" маалымат берип, алдыдагы таймаштарга даярдык көрүлүп жатканын айтты.

2019-жылдын февралында шайланган Канатбек Маматов Кыргыз футбол бирлиги уюмунун президентигинен өзү жазган арызынын негизинде кызматтан кетери октябрдын башында белгилүү болгон. Ал мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган Семетей Султановдун ордуна келген болчу. Маматов парламенттик шайлоого катышуу максатында кызматын тапшырганы кабарланган.

Буга чейин Медер Сыдыков Кыргызстандын Футбол лигасынын президенти, Футбол бирлигинин баш катчысы жана "Нефтчи" футбол клубунун менеджери болгон.

Футбол бирлигинин жобосуна ылайык президент бул кызматка төрт жылга шайланат.

Кыргызстандын футбол федерациясы 1992-жылы түзүлүп, 2019-жылы Кыргыз футбол бирлиги деп өзгөртүлгөн. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG