Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:25

Чехиянын президенти Земан ооруканага түштү


Чехиянын президенти Милош Земан.
Чехиянын президенти Милош Земан.

Буга чейин саламаттыгы начарлап жатканы айтылган Чехиянын президенти Милош Земан жекшемби күнү ооруканага түшүп, реанимацияга жаткырылды.

Бул оппозиция көпчүлүк башкарууну алары дайын болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккан күндүн эртеси болду. Президент Милош Земан эс-учун жоготкон абалда шаардын сыртындагы резиденциясынан Прагага жеткирилген.

Оорукананын башкы врачы журналисттерге президент реанимацияга түшкөнүн ырастап, бирок анын диагнозун ачык айтуудан баш тартты.

Буга чейин жергиликтүү медиа ишенимдүү булагына таянып, 77 жаштагы президенттин боорунда маселе бар экенин жазган. Земан сентябрь айынын орто ченинде дарыланып, бирок ооруканадан чыккандан бери коомчулукка чыга элек болчу. Парламенттик шайлоодо ал өзүнүн резиденциясында добуш берген эле.

Президент Земандын саламаттыгы ага саясий союздашы, премьер-министр Андрей Бабиш жекшемби күнү кирип-чыккандан кийин оорлошуп кеткен.

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча Бабиштин партиясы парламентте чоң фракция катары калары белгилүү болгону менен өз алдынча өкмөттү түзө албай турганы анык болуп калды. Анткени шайлоодо биринчи жана үчүнчү орунду алган оппозициялык эки коалиция көпчүлүктү түзүп, өкмөттү куроо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG