Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Польшада Евробиримдикти жактаган демонстрация болду


Варшавадагы Замков аянтындагы демонстрация
Варшавадагы Замков аянтындагы демонстрация

Польшанын баш калаасы Варшавада 10-октябрь күнү миңдеген адамдардын катышуусу менен Конституциялык соттун чечимине каршы демонстрация болду.

Бул тууралуу "Немис толкуну" радиосу кабарлады. Варшавадагы демонстрация Замков аянтында "Биз калабыз!", "Биз-Европа" деген ураан алдында болду.

Дал ушундай каршылык акциялары Гданьск, Познань, Краков шаарларында да өттү.

Польшанын Конституциялык соту Еврошаркеттин мыйзамдарына үстөмдүк кылган жергиликтүү баш мыйзамды кабыл алуу чечимин чыгарып, Евробиримдиктин айрым мыйзамдары өлкөнүн баш мыйзамына карама-каршы келерин билдирген.

Мындай демонстрацияны өткөрүү демилгесин Европа Биримдигинин мурдагы төрагасы, Польшанын мурдагы өкмөт башчысы жана поляк оппозициясынын лидери Дональд Туск көтөргөн.

Ал Твиттерге "Биз Польшаны куткаралы, биз үчүн муну эч ким кылбайт", - деп жазган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG