Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Пакистандын өзөктүк программасын негиздеген окумуштуу каза болду


Абдул Кадир Хан (ортодо)
Абдул Кадир Хан (ортодо)

PTV телеканалы 10-октябрда Пакистандын өзөктүк программасынын негиздөөчүсү, 85 жаштагы Абдул Кадир Хан өпкө инфекциясы менен Исламабаддагы ооруканага жаткырылып, көп узабай ошол жактан каза тапканын кабарлады.

Буга чейин анын таажы вирусун жуктуруп алганы айтылган болчу.

Абдул Кадир Хан Пакистанды мусулман өлкөлөрүнүн арасындагы алгачкы өзөктүк мамлекетке айланткан улуттук баатыр саналат. Пакистан биринчи жолу 1998-жылы өзөктүк куралын ийгиликтүү сынап, дүйнөдөгү өзөктүк (ядролук) куралы бар мамлекеттердин катарына кирген.

Ал эми анын чөлкөмдөгү атаандашы Индия 1974-жылы алгачкы өзөктүк программасын иштеп чыгып, ийгиликтүү сынаган.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан аны "улуттук баатыр эле" деп жазды. 2000-жылдардын башында Абдул Кадир Хан Иранга, Ливияга жана Түндүк Кореяга өзөктүк сырларды сатууга айыпталган.

Ал 2004-жылы пакистандык телеканалда массалык кыргындоочу курал боюнча маалыматтар берилгенин моюнга алган. Андан соң, ага ошол кездеги Пакистандын президенти Первез Мушарраф ырайым кылган.

Абдул Кадир Хан 1936-жылы Индияда төрөлүп, 1947-жылы Пакистанга көчүп келген. 1967-жылы ал Нидерланддарда өзөктүк инженерия адистиги боюнча жогорку окуу жайын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG