Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

Москвада ууланган үч өзбекстандыктын абалы канааттандырарлык


Иллюстариция.
Иллюстариция.

Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы агенттиги Москвадагы жатаканада мигранттын өлүмү менен байланыштуу жагдайды көзөмөлгө алды.

Автоунаа жууй турган станциянын жатаканасында төрт киши ууланып, алардын бири каза тапканы 8-октябрда кабарланган. Алар ошол жерде иштеген өзбекстандык мигранттар болгон.

Орусиянын тергөө комитети мигранттар баңгизатынан ууланган болушу мүмкүн деген божомолду айтууда. Азырынча медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

Агенттиктин маалыматына караганда, Орусиянын баш калаасындагы оорукананын реанимациясына түшкөн үч өзбекстандык жарандын абалы канааттандырарлык.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG