Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Бир катар белгилүү саясатчылар "Азаттык" партиясы менен шайлоого катышат


"Азаттык" партиясынын лидери Исмаил Исаков.
"Азаттык" партиясынын лидери Исмаил Исаков.

"Азаттык" партиясы 10-октябрда курултай өткөрүп, парламенттик шайлоо үчүн талапкерлердин тизмесин жарыялады. Алардын катарында белгилүү саясатчылардан партия лидери Исмаил Исаков, Медеткан Шеримкулов, Ишенбай Кадырбеков, Жылдызкан Жолдошева, Акматбек Келдибеков, Бактыбек Калмаматов, Мыктыбек Арстанбек бар.

Жылдызкан Жолдошева билдиргендей, жети партия биригип, "Азаттык" партиясы менен шайлоого барууну чечишкен. Алардын катарында "Нур", "Бирик" жана башкалар бар.

Шайлоого аттанган партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин такташы жана алар тууралуу тийиштүү маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш. "Ата Журт - Кыргызстан", КСДП, "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан" сыяктуу бир катар партиялар жыйын курду.

Жалпысынан 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы катталары азырынча белгисиз.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Бир мандаттуу округдан шайлоодо ат салышам дегендер 10-октябрга карата 200гө жакындап калды. Алардын ондон ашууну талапкер болуп расмий катталды. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG