Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

11-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


11-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында жаан-чачын болот.

Абанын температурасы:

Чүй, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13,

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5°.

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 4…6, күндүз 11…13° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG