Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

"Ата-Журт - Кыргызстан" партиясы талапкерлердин тизмесин жарыялады


"Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 10-октябрда курултай өткөрүп, парламенттик шайлоо үчүн талапкерлердин тизмесин жарыялады.

Тизмени партиянын лидери катары Айбек Маткеримов баштайт. Алдыңкы бештикке "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, экс-депутат Равшан Сабиров, өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары Жамиля Исаева, Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашев бар. Тизмеге Кыргыз эл артисти Бек (Берадор) Борбиев да киргенин аталган партиядан "Азаттыкка" кабарлашты.

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык экени айтылып жүрөт, бирок Ташиев өзү муну бышыктаган эмес.

Буга чейин "Бүтүн Кыргызстан", "Ата Мекен", "Азаттык" жана бир катар партиялар курултай өткөрүп, талапкерлерди жарыялашкан.

Шайлоого аттанган партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин такташы жана алар тууралуу тийиштүү маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш.

Жалпысынан 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген. Алардын канчасы катталары азырынча белгисиз.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Бир мандаттуу округдан шайлоодо ат салышам дегендер 10-октябрга карата 200гө жакындап калды. Алардын ондон ашууну талапкер болуп расмий катталды. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG