Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:12

"Бүтүн Кыргызстан" парламенттик шайлоого тизмесин бекитти


"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери.

Бишкек шаарында өтүп жаткан "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын съезди жыйынтыкталды. Партия парламенттик шайлоого катышуу үчүн 54 талапкердин тизмесин бекитти. Бир мандаттуу округдардан жалгыз №2 Баткен шайлоо округунан талапкер көргөздү.

"Бүтүн Кыргызстанды" шайлоого партия лидери Адахан Мадумаров баштап барат. Партиянын тизмесинде "Кыргызстан коммунисттер" партиясынын лидери Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Аккулу Бердиев, Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, активист Орозайым Нарматова бар.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактап бүтүшү керек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Бир мандаттуу округдан шайлоодо ат салышам дегендер 9-октябрга карата 170тен ашты. Алардын ондон ашууну талапкер болуп расмий катталды.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген. (МТа)

XS
SM
MD
LG