Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Аба ырайы: көпчүлүк аймакта жаан жаайт


Ала-Арчадан тартылган сүрөт. Чүй облусу.
Ала-Арчадан тартылган сүрөт. Чүй облусу.

10-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу жерлерине кар жаайт.

Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 5...10,

Таласта түнкүсүн 0...5, күндүз 2...7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3...8, күндүз 9...14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11,

Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...+3 градус.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 5…7 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG