Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:41

Ооганстанда шииттердин мечитиндеги жардыруу ондогон адамдын өмүрүн алды


Ооганстандын Кундуз провинциясында шииттердин мечитиндеги жардыруудан элүү киши каза таап, бир тобу жараат алды.

Күбөлөрдүн айтымында, жардыруу 8-октябрда, эл жума намазга чогулганда болгон. Азырынча аны ким уюштурганы белгисиз.

Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясы Тажикстан менен чектешет.

Бир нече күн мурда Кабулдагы Идгах мечитинин кире беришиндеги жарылууда беш киши каза болгон. Аны "Ислам мамлекети" террордук тобу ишке ашырган деген божомол айтылган.

Августта Ооганстандагы америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийин бийликти талибдер басып алган. Кийинчерээк "Ислам мамлекетинин" жихадчыларынын активдешүүсү тууралуу маалыматтар чыга баштады.

Мурдараак "Талибан" Нангархар провинциясында аталган топко каршы операция баштаган. Буга чейин талибдер өлкөдө "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери жок экенин билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG