Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Бир жарым миллиондон ашуун жаран коронавируска каршы эмделди


Эмдөөнүн алдында медкызматкерлер жарандын саламаттыгын текшериши керек.
Эмдөөнүн алдында медкызматкерлер жарандын саламаттыгын текшериши керек.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар 1 миллион 500 миңден ашты. Алардын 865 миңден көбү биринчи дозаны, 653 миңден ашууну эки дозаны тең сайдырышты. Бул Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 9-октябрга карата расмий маалыматы.

Өлкөнүн калкы 6,5 миллионду түзөт. Медиктердин эсебинде 18 жаштан өткөн 3,4 миллион адам эмдөөдөн өтүшү керек. Алардын 2,4 миллиону, башкача айтканда, 70 пайызы вакцина алса, өлкөдө жамааттык иммунитет калыптанары айтылган.

2020-жылдын март айынан бери коронавирус менен расмий түрдө катталгандардын саны 179 миңден ашты, алардын 2600дөн көбү каза болду.

Учурда республиканын бардык аймактарында Кытайдын Sinopharm, Орусиянын “Спутник V”, Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca вакциналарын бекер алууга шарт бар. Түркиядан кытайлык Sinovac препараты да келген. Вакцина эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG