Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт


Жоламан Шаршенбеков.
Жоламан Шаршенбеков.

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты. Ал жарым финалда азербайжандык балбан Мурад Маммадовду 4:2 эсебинде жеңди.

Шаршенбеков буга чейин эки беттеш өткөргөн. Алгач беларустук Максим Кажарскини 2:0, чейрек финалда грузиялык Ираклий Дзимистаршвилини 5:2 эсебинде жеңип алган. 9-октябрда финалда молдовалык Виктор Чобану менен күрөшөт.

Бул күнү күрөштүн аталган түрүнөн кыргызстандык Калы Сулайманов (63 кг) жана Марлен Асикеев (67 кг) килемге чыгат.

Шаршенбеков менен Чобану быйыл Токиодо өткөн Олимп оюндарында чейрек финалда беттешип, молдовалык балбан жеңишке жеткен. Жоламан Шаршенбеков менен Виктор Чобану экөө тең 2018-жылы Венгрияда өткөн Дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болушкан. Ал кезде Шаршенбеков 55 килограмм салмакта, Чобану 60 килограмм салмакта күрөшкөн.

Буга чейин эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло байге алган.

2-октябрда Норвегиянын Осло шаарында башталган Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрда аяктайт. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG