Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Кундузда мечиттеги жардыруудан бир нече киши көз жумду


Ооганстандагы мечиттердин биринде талибдер намазга жыгылган учур. 4-октябрь, 2021-жыл.
Ооганстандагы мечиттердин биринде талибдер намазга жыгылган учур. 4-октябрь, 2021-жыл.

8-октябрда Ооганстандын Кундуз провинциясындагы исламдын шиит агымын тутунган адамдар намаз окуган мечиттеги жардыруу болду. Анын кесепетинен бир нече киши каза таап, жаракат алгандар да бар экенин "Талибан" өкмөтүнүн расмий өкүлү Забиулла Мужахид Твиттер баракчасына жазды.

Жардыруунун себебин иликтөө үчүн окуя болгон жерге атайын бөлүктөр келди.

Кундуз провинциясындагы оорукананын белгисиз кызматкери медициналык мекемеге жардыруудан көз жумган 15 кишинин жасаты жеткирилип, токсондон ашуун жарадар жаткырылганын эл аралык AFP маалымат агенттигине кабарлады.

Күбөлөрдүн айтымында, жардыруу жума намазы окулган Гөзар-и-Саид Абад мечитинде болгон. Имараттын ичиндеги урандынын арасында адамдын жасаттары видео тасмага тартылып калган.

Жардыруунун чыныгы себептери аныктала элек.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы Твиттер баракчасына жардыруудан каза болгондор менен жаракат алгандар жүздөн ашканын билдирди.

Буга чейин Кабулдагы жана башка аймактардагы жардыруулар үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобунун "Хорасан" бөлүмү өзүнө алып келген.

Бул террордук кол салуулардан улам быйыл августта Ооганстанда бийликти ээлеп алган "Талибан" коопсуздук чараларын күчөткөнү белгиленди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG