Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:32

Осло-2021: Жоламан Шаршенбеков жарым финалда


Жоламан Шаршенбеков. Архив.
Жоламан Шаршенбеков. Архив.

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммдык салмакта Жоламан Шаршенбеков жарым финалга чыкты. Ал чейрек финалда грузиялык балбанды далысына таза басып утуп алды.

Бул күнү 97 килограмм салмакта күрөшкөн Бексултан Махмудов квалификациялык таймашта немис балбанына утулуп калды.

Эртең 9-октябрда күрөштүн бул түрүнөн Калы Сулайманов (63 кг.) жана Марлен Асикеев (67 кг.) килемге чыгат.

7-октябрда грек-рим күрөшү боюнча балбандар килем үстүнө чыгып баштаган. Мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандык балбандар Сардар Конушбаев (55 кг.), Руслан Царев (72 кг.), Кайрат Түгөлбаев (77 кг.) жана Калидин Асыкеев (82 кг.) байгесиз калышты.

Буга чейин эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын,Айпери Медет кызы коло байге алган.

2-октябрда Норвегиянын Осло шаарында башталган Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрда аяктайт. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG