Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

Нобел сыйлыгынын тынчтык боюнча ээлери аныкталды


2021-жылдагы тынчтыкты орнотууга өбөлгө түзүүдөгү эмгеги үчүн Нобел сыйлыгы орусиялык “Новая газетанын” башкы редактору Дмитрий Муратов менен филиппиндик журналист Мария Рессага ыйгарылды.

Сыйлык алардын демократия менен тынчтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзүп, сөз эркиндигин коргоого кошкон салымдары үчүн берилди.

“Новая газетанын” башкы редактору Дмитрий Муратов өлтүрүүлөргө жана коркутуп-үркүтүүлөргө карабастан басылманын көз карандысыз саясатынан баш тарткан эмес.

“Ал ырааттуу түрдө журналисттердин укугун коргоп келди”, – деди норвегиялык Нобел комитетинин башчысы Берит Рейс-Андерсен. Ал бул басылманын журналисти Анна Политковская 15 жыл мурда киши колдуу болуп каза тапканын эстеди. Анын айтымында, бул буюртма адам өлтүрүүнүн себеби белгилүү жана ага катышы барларды издөө эбак токтотулган.

“Мария Ресса журналист жана басылманын тең негиздөөчүсү катары өзүн эч качан коркпогон, сөз эркиндигинин эр жүрөк коргоочусу экенин көрсөттү. Rappler басылмасы кандуу жана чыр-чатактуу Дутерте режимин сындап, жазып келген. Ал Филиппиндеги бийликтин зомбулугун жана авторитаризмди ашкереледи”, – деп билдирди Берит Рейс-Андерсен.

Анын айтымында дүйнөдөгү бул кадыр-барктуу сыйлыкка көрсөтүүдө талапкерлердин Альфред Нобелдин осуятындагы куралдуу күчтөрдү кыскартуу, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө өбөлгө түзүү жана элдин ортосундагы ынтымакты чыңдоого кошкон салымдары эске алынат.

XS
SM
MD
LG