Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

Украин депутаты таксиде каза болду


Антон Поляков, Раданын депутаты.
Антон Поляков, Раданын депутаты.

Киевде мурда башкы прокурорду кызматтан кетирүүгө аракет жасаган депутат Антон Поляков таксиде баратып жүрөгү токтоп, каза болду. Бул маалыматты ырастаган шаардык полиция башкармалыгы анын өлүмүнүн себептери иликтене турганын билдирди.

Раданын 33 жаштагы депутаты Антон Поляков таксиде жумушуна баратканда өзүн начар сезе баштаган. Жогорку ылдамдыктан улам жол ал отурган автоунааны МАИ токтоткон учурда саясатчы арткы отургучта эс-учун жоготкон абалда болгон.

"Тез жардам" келгенден кийин депутат Поляковдун кайтыш болгону белгилүү болгон.

Антон Поляков башкаруучу "Эл кызматында" партиясынын мүчөсү болуп 2019-жылы депутаттыкка шайланган. Бирок ошол эле жылы ноябрь айында адеп-ахлаксыз жүрүм-туруму үчүн деген негизде партиянын катарынан чыгарылган.

Ал өзүн партиядан чыгарууну башкы прокурор Руслан Рябошапканы кызматтан алуу боюнча Радада кол топтоого байланыштырган.

Кийин Антон Поляков парламенттеги партиясыз депутаттардын тобуна кошулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG