Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:03

Тажикстандан жүк ташып келаткан унаалар кармалды


УКМКнын Чек ара кызматы тараткан сүрөт.
УКМКнын Чек ара кызматы тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Баткен облусунун Лейлек районунда бир катар аткезчилик аракетине бөгөт койгонун билдирди.

Лейлек районунун Сай аймагында Тажикстандан 400 килограмм жүгөрү жүктөп келе жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Ушул эле күнү Лейлек районунун Арка айылында 35,5 тонна лимон, 3 тонна конфет ташып келаткан эки жүк ташуучу унаа кармалган. Кармалган жүктүн болжолдуу баасы 840 миң сом.

Буга чейин 6-октябрда дагы Баткен облусунда аткезчилик кылган унаалар кармалганы кабарланган.

7-октябрда Баткен облусундагы Орто-Боз айыл аймагында аткезчиликке каршы күч органдары жана чек арачылардан турган атайын топторду түзүүгө байланыштуу жыйын өткөн.

Ага президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын Баткен аймактык бөлүмүнүн башчысы Кыялбек Төлөнбаев, ички иштер органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү эл катышкан.

Жыйынга Тажикстандан аткезчилик менен жүзүм ташып келе жатып кармалган кыргызстандык айдоочуларды алып келишип, алардын аракетин бийлик өкүлдөрү сынга алган.

Апрель айынын соңунда чек арадагы жаңжалдан кийин жергиликтүү эл арасында коңшу өлкөгө аткезчиликти токтотуу талабы күчөгөн. Мыйзамсыз аракетти көзөмөлдөө үчүн элдик кошуун түзүлгөн.

23-сентябрда белгисиз кишилер кыргызстандык эки окуучуну Тажикстанга алып кирип кетип, алар бир күндөн кийин мекенине кайтарылган. УКМК баштапкы маалыматында өспүрүмдөр шарттуу чек ара тилкесинде аткезчилердин жүгүн автоунаага жүктөөгө жардам берип жатышканын кабарлаган.

  • 28-апрелден 1-майга чейин созулган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. Кыргызстан коңшу өлкө менен чек арасын бир тараптуу жапкан.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат. Талаштуу тилкелердин дээрлик бардыгы калк жыш жайгашкан аймактар. Анда жашаган эки эл өз ара соода алакасын жүргүзүп келген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG