Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

НАТОнун баш катчысы орусиялык миссиянын 8 мүчөсү тыңчы болгонун билдирди


Бельгия. Йенс Столтенберг, НАТОнун баш катчысы.
Бельгия. Йенс Столтенберг, НАТОнун баш катчысы.

Түндүк атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг НАТОдогу Орусиянын миссиясынын сегиз мүчөсү “атайын кызматтарга тиешеси бар” деген негизде аккредитацияларынан ажыратылганын ырастады.

Столтенберг орусиялыктарды чыгаруу чечими кандайдыр бир чыр-чатакка байланышы жок экенин айтты. Ал жакында НАТОнун расмийлери Орусиянын зыянкеч ишмердигин байкап, бул жолу ага чара көргөнүн эске салды.

Бир күн мурун Түндүк атлантикалык альянстагы 8 орусиялык дипломат аккредитациясынан ажыратылып, дагы экөө кызматынан алынганы кабарланган. Орусиянын НАТОдогу миссиясы жыйырмадан 10 адамга чейин кыскартылды.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Москва НАТО менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө үмүттөнбөй турганын билдирди.

Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова НАТОнун бул чечими Москваны таң калтырганын айтып, ага жооп болорун белгиледи.

XS
SM
MD
LG