Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Ооганстанды тооруган террордук уюмдар


Нью -Йорк. Дүйнөлүк соода борборуна жасалган террордук кол салуу. 11 -сентябрь, 2001 -жыл.
Нью -Йорк. Дүйнөлүк соода борборуна жасалган террордук кол салуу. 11 -сентябрь, 2001 -жыл.

АКШнын "Ал-Каида" менен 20 жылдык согушунан кийин дүйнөдө терроризм коркунучу азайды. Бирок террор тамыры биротоло кыркылбаганы, кайрадан кулач жаюу тобокелдиги жогору экени айтыла баштады.

Кошмо Штаттар 20 жыл мурда Ооганстандагы "Ал-Каиданын" очогуна жана талибдерге сокку урган.

Вашингтон аскерин бул өлкөдөн чыгарып кеткенден кийин дүйнөлүк терроризмдин түйүнү кайра Ооганстандан орун-очок алуу мүмкүндүгү жогору экени айтыла баштады.

Америка Кошмо Штаттары 2001-жылы 7-октябрда “Талибан” башкарган Ооганстанга абадан сокку уруп, бомбалай баштаган.

Бул аскердик өнөктүк "Ал-Каиданын" ушул эле жылы 11-сентябрда Вашингтон менен Нью-Йоркто 3 миңге чукул адамдын өмүрүн алган террордук актысына карата АКШнын жообу болгон.

Талибдер бийликке келсе анын "Ал-Каида" сыяктуу өнөктөштөрү кайрадан Ооганстандан орун алып, жихадга чыгуу коркунучу бар экени айтылды. Изилдөөчү Абдул Саид жихадчылар АКШ менен узакка созулган согушту мерчемдеп келгенин жазды.

Мындай коркунуч бар экенин Сенаттагы өткөн аптадагы угууда АКШ армиясынын бириккен штабынын кол башчысы, генерал Марк Милли билдирди.

"Биз "Талибан" террорчул уюм болгонун жана ошол бойдон кала берерин унутпашыбыз керек. Анын "Ал-Каида" менен байланышы азыркы күнгө чейин үзүлгөн эмес. Менде иллюзия жок. Анан дагы "Талибан" бийликти топтой алабы же болбосо өлкө андан ары карай жарандык согушка чейин жетип, чачырайбы? Биз эмне болгон күндө да Ооганстан тараптан террордук кол салуулардан АКШнын элин коргоону улантышыбыз абзел. Кайрадан жанданган "Ал-Каиданын" же ИГИЛдин Кошмо Штаттарына чабуул жасоого умтулганы толук реалдуу коркунуч", - деди генерал Марк Милли. Анын айтымында мындай божомолдорго бир нече негиз бар.

Вашингтон. Генерал Марк Милли. АКШ армиясынын бириккен штабынын кол башчысы.
Вашингтон. Генерал Марк Милли. АКШ армиясынын бириккен штабынын кол башчысы.

15-августта бийликти алары менен “Талибан” АКШ аскерлеринин чыгарылышын жеңиш катары жарыялаганы мисалга алынды. Изилдөөдө Вашингтон триллион доллар сарптап, узакка созулган аскердик өнөктүк жүргүзсө да негизги максатына жетпегени көрсөтүлдү.

"Америкалык аскерлердин санын кескин кыскартуу ооган армиясынын ойрон болушуна алып келди", - дейт АКШнын Борбордук командачылыгынын кол башчысы генерал Кеннет Маккензи.

“Мен апрелде АКШнын согуштук күчтөрүн чыгарып кетүү жана 650 аскерден ашпаган дипломатиялык коопсуздук күчтөрүн түзүүнү пландоо көрсөтмөсүн алгам. Ошол 650 жоокер менен АКШнын Кабулдагы элчилигин кармап туруу, дипломаттарды тышкы дүйнө менен байланыштырган Хамид Карзай атындагы эл аралык аэропортту, Баградмагы базаны коргоо мүмкүн эмес болчу”, - дейт генерал Маккензи.

Вашингтон. Генерал Кеннет Маккензи. АКШнын Борбордук командачылыгынын кол башчысы.
Вашингтон. Генерал Кеннет Маккензи. АКШнын Борбордук командачылыгынын кол башчысы.

АКШ көптөн бери "Ал-Каидага" каршы күрөшкөн менен анын тамыры кыркылбаганы айтылды. АКШнын чалгын кызматтары "Ал-Каида" тез арада кайра эсин жыйнап, Ооганстандан туруп, АКШга кол салуу уюштурушу мүмкүн экенин эскертти.

Бирок “Талибан” өкмөтүнүн өкүлү Забиулла Мужахид террористтерге Ооганстанды башка өлкөлөргө каршы пайдаланууга жол берилбестигин айтууда.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Ооганстанда каатчылык күчөп, гуманитардык кризис тереңдеп баратканын билдирген. Ошондуктан бул өлкөгө ыкчам 606 миллион доллар чогултуу демилгеси көтөрүлдү. Антониу Гутерриш абалдын кыйындашы дүйнөдөгү террористтик уюмдардын чырагына май тамызарын эскертти:

Нью-Йорк. Антонио Гутерриш. БУУнун баш катчысы.
Нью-Йорк. Антонио Гутерриш. БУУнун баш катчысы.

"Биз абалдын катастрофалык масштабга чейин жетишинин алдын алууга тийишпиз. Андай абал бейстабилдүүлүккө алып келип, террордук уюмдардын чырагына май тамызышы мүмкүн", - деп билдирген Гутерриш.

АКШ менен “Талибан” кыймылы 2020-жылы Дохада келишимге жетишкен. Ага ылайык, АКШ аскерлерин Ооганстандан чыгарса, талибдер "Ал-Каида" Ооганстанды террористтик база катары колдонууга жол бербөөнү макулдашкан.

Бирок эксперттер бул макулдашуунун шарттары аягына чейин сакталарынан күмөн санашат. Анткени “Талибандын” аскер канаты болгон Хаккани тармагын негиздеген Сиражиддин Хакканиге ички иштер министрин ыйгаруу анын "Ал-Каида" менен мамиле түзбөйт деген кепилдикти жокко чыгара турганы белгиленди. Вашингтон Хакканини дүйнөлүк террорист деп эсептейт. Аны кармоого өбөлгө түзө турган маалымат бергендерге АКШ 10 млн. доллар сыйлык жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG