Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Молдовановкадагы №31 абактын жетекчиси пара менен кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 7-октябрь күнү кечинде №31 түзөтүү мекемесинин жетекчисин пара алып жаткан жеринен кармады.

Бул маалыматты "Азаттыкка" Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы ырастады.

УКМКнын билдирүүсүндө колониянын жетекчиси жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамды колония-кыштакка которуп, мөөнөтүнөн мурда бошотууга шарт түзүп берем деген убада менен пара алган. Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына камалды.

№31 түзөтүү колониясы Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. (BCh)

​
XS
SM
MD
LG