Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Балбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду


Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалында. Осло, Норвегия. 5-октябрь, 2021-ж.
Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалында. Осло, Норвегия. 5-октябрь, 2021-ж.

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта кыргызстандык Айпери Медет кызы коло байгенин ээси болду. Ал 6-октябрда 3-орун үчүн беттеште украиналык Анастасия Шустованы 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза жеңди. Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, бул Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы жалпы төрт беттеш өткөрдү.

Алгач жарым чейрек финалда болгариялык Мария Гергинова Оряшкованы 10:0, чейрек финалда дагы ошондой эле эсеп менен орусиялык Марина Суровцеваны жеңген. Жарым финалда 2019-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Европа чемпиону эстониялык Эпп Мяеге 3:3 эсебинде жеңилген. Бул салмакта АКШ спортчусу Аделина Грэй дүйнө чемпиону болду. Ал эстониялык Эпп Мяени 6:4 эсебинде утту. Дагы бир коло байге эгипеттик Самар Амер Ибрахим Хамзага буюрду.

Бул Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командадан үч спортчу барган. 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова алтын медал тагынса, 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова финалда күрөшөт.

22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону (2017-ж.). Кыздар (кадеттер) арасында Азия чемпионатынын күмүш (2015-ж.), алтын (2016-ж.), Дүйнө чемпионатынын күмүш (2016-ж.) байгелеринин ээси. Кыз-келиндер (чоңдор) арасында Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (Индия, 2020-жыл, Казакстан, 2021-ж.).

23 жашка чейинки кыздар арасында Дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынган (Венгрия, 2019-ж.). Дүйнө кубогунда 3-орунду алган (Белград, 2020-ж.). Быйыл Токиодо өткөн Жайкы Олимп оюндарында 5-орунду ээлеген.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда.

Бул мелдеште азырынча Кыргызстандын балбандарында бир алтын, бир күмүш жана эки коло байге бар. Буга чейин эркин күрөш боюнча таймаштарда күмүш байгени 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев, коло медалды 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов алды. 7-октябрда грек-рим күрөшүнөн 55 кг, 72 кг, 77 кг жана 82 килограмм салмакта байгелер ойнотулат. Бул күнү Кыргызстандан Сардарбек Конушбаев (55 кг), Руслан Царев (72 кг), Кайратбек Түгөлбаев (77 кг) жана Калидин Асыкеев (82 кг) килемге чыгат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG