Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:09

Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт


Архив. Мээрим Жуманазарова.
Архив. Мээрим Жуманазарова.

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта кыргызстандык Мээрим Жуманазарова финалга чыкты.

Ал жарым финалда орусиялык Ханум Велиеваны 3:3 эсебинде жеңди. Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Жуманазарова буга чейин эки беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда түштүк кореялык балбан Минжи Ханы 8:0 эсеби менен жеңди. Чейрек финалда канадалык Оливия Ди Баккону 7:1 эсебинде утту.

Эртең, 7-октябрда дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн жапониялык Рин Мияжи менен беттешет. Финалдык таймаш саат 22:00дө башталат.

Күрөштүн бул түрүнөн дагы бир кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы бүгүн, 6-октябрда 76 килограмм салмакта дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт.

Мээрим Жуманазарова 22 жашта. Токиодогу өткөн Олимпиада оюндарында коло байге уткан. 2016-жылы кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпионатында коло байге алган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатында коло медал тагынган, бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси. 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү. 2021-жылдагы Азия чемпиону. Азия оюндарында байге алган.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда. Бул мелдеште азырынча Кыргызстандын балбандарында бир алтын, бир күмүш жана бир коло байге бар. Алтын байгени кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова багынтса, эркин күрөштөн күмүш байгени 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев, коло медалды 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG