Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 18:38

Энергохолдинг Тажикстандан электр энергиянын импорттолушун түшүндүрдү


Казакстан.

“Улуттук энергохолдинг” мамлекеттик ишканасы энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаевдин Тажикстандан электр энергиясын импорттоо тууралуу айтканына түшүндүрмө берди.

Энергохолдинг тараткан маалыматка ылайык, Борбор Азия чөлкөмүндө иштеп жаткан энергетикалык система ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн оперативдүү түрдө электр энергиясын өз ара өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Буга байланыштуу октябрдын башында Тажикстандан Кыргызстанга электр энергиясы өткөрүлгөн.

Холдинг белгилегендей, электр энергиясын өткөрүү Борбор Азиянын Бириккен энергетикалык системасынын алкагында макулдашууларга жана эрежелерге ылайык, импорттук же пландан тышкаркы агым катары каралышы мүмкүн. Коңшу өлкөдөн келген электр энергиясы Баткен жана Ош облустарынын ашык лимитин жабууга мүмкүндүк берет.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстан 1-октябрдан баштап Тажикстандан күнүнө 1 млн. кВт саат электр энергиясын импорттой баштаганын билдирген. Ал электр энергиясын алуу сунушу менен тажик тарап кайрылганын айткан.

Бирок 4-октябрда Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлиги Бекмурзаевдин билдирүүсүн жокко чыгарган. Тажик министрлигинин маалыматы боюнча, кыргыз тарап өзү сентябрдын аягында электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча сунуш киргизген.

Кыргыз өкмөтү Кыргызстандагы энергетикалык таңкыстыктын алдын алуу үчүн учурда Орусиядан 2-3 млрд. кВт саат электр энергиясын алуу үчүн сүйлөшүү жүрүп жатканы да кабарланган. Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында быйыл август-декабрь айларында Түркмөнстандан 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү мындан тышкары кышкы жылуулук сезонунда Казакстандан да кошумча электр энергиясын алып келет.

Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында жетишсиздик жаралууда. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG